Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери коронавируска чалдыктыбы?

Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери коронавируска чалдыктыбы?

Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул туурасында “Апрелге” саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, алгач министрликке келип жүргөн аялдан вирус табылган. Ал көзөмөлдө жаткан жарандар менен иштеген башка уюмдун кызматкери. Ал мекемеге көп жолу келип, кызматкерлер менен байланышта болгондуктан, министрликтин баардык кызматкерлерин текшерүүдөн өткөрдүк-дейт Үсөнбаев.

Анализ жыйынтыгында кароолчудан коронавирус аныкталган. Бирок оору белгилери байкалган эмес. Учурда кароолчу дарыланууга алынды, аны менен байланышкан адамдар иликтенип жатат. Калган кызматкерлерден вирус табылган эмес.

Бүгүн, 14-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 430  кишиге жетти.  Бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты.