15.08.2018 18:07

Салбуурун боюнча курама команда Ысык-Көлдө машыгуусун өткөрүүдө

Салбуурун боюнча курама команда Ысык-Көлдө машыгуусун өткөрүүдө

Салбуурун боюнча курама команда Ысык-Көлдө машыгуусун өткөрүүдө. Бул туурасында ДКО уюштуруу катчылыгынан билдиришти. 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу максатында 10-августан 25-августка чейин Кыргыз Республикасынын салбуурун боюнча курама командасы Ысык-Көл облусунун Корумду айылында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Анда бүркүт салуу боюнча 1 машыктыруучу, 2 бүркүтчү, далба ойнотуу боюнча 3 спортчу, тайган жарыш- 3, атчан жаа атуу-6, салттуу жаа атуу (Кыргызстан)-6, салттуу жаа атуу (Түркия) -6, салттуу жаа атуу (Түштүк Корея) - 7 адам катышууда. 

Салбуурун боюнча улуттук курама командасынын окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынан 651 миң сом бөлүндү.