15.01.2020 13:36

Самарадагы жол кырсыгынан жети кыргызстандык жабыр тартты

Самарадагы жол кырсыгынан жети кыргызстандык жабыр тартты

Орусиядагы Самара шаарына жакын аймакта жол кырсыгы катталып, Кыргызстандын жети жараны жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, авария күн мурун, 14-январда «М-5 Урал» трассасында орун алган. Үч автоунаа – эки Mercedes-Benz Sprinter жана Honda Stepwgn сүзүшкөн.

Жүк таашуучу Mercedes үлгүсүндөгү эки автоунаада бирден Opel маркасындагы темир тулпарлар жүктөлүп бараткан. Аларды өзбек улутундагы жарандар башкарып бара жатышкан.

Полициянын маалыматына караганда, алдыдагы Mercedes карама каршы тилкеге чыгып, минивэн менен кагышкан.

Кесепетинде сегиз киши – жүк таашуучу унаанын айдоочусу жана Hondaнын ичиндеги жети кыргызстандык жарандар баардыгы жабыр тартышкан.  

Үчөө кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүшсө, бешөө Бузулукский районунун ооруканасынын хирургиялык бөлүмүнө жеткирилген.