21.11.2019 19:00

"Санарип технологиялар" ЖЧКсы "Апрель" телеканалынын эфирге чыгуусуна уруксаат берди

"Санарип технологиялар" ЖЧКсы "Апрель" телеканалынын эфирге чыгуусуна уруксаат берди

"Санарип технологиялар" ЖЧКсы "Апрель" телеканалынын эфирге чыгуусуна уруксаат берди. Чечим бүгүн коомдун жыйынында кабыл алынды. Мындан сырткары 7-каналды да ободо калтыруу чечилди.

Добуш берүү жашыруун жүрдү. Жыйынтыгында "Санарип технологиялар" ЖЧКсынын мүчөлөрүнүн көбү эки каналды эфирде калтырууну колдошту. 

Белгилей кетсек, "Санарип технологиялар" ЖЧКсы жеке менчик телеберүү оператору. Анын курамына 21 телеканалдын атынан 21 адам мүчөлүк кылат. Анын ичинде 7-канал жана "Апрель" телеканалы да бар. 

Азыркы учурда "Апрель" телеканалы эфирге чыгууга даярданып жатат. Эфирге чыгуу келерки шейшемби, 26-ноябрга андалууда.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 9-августунда тергөөчү атайын багыттагы жоокерлердин коштоосунда «Апрель-ТВ» ЖЧКсынын кеңсесине кирип, каналдын бардык кызматкерлеринин офистен чыгып кетүүсүн талап кылган.  Күч түзүм органдарынын өздүгүн жана кызмат абалын тастыктаган документтер, ошондой эле тергөөчүнүн талабынын мыйзамдуу экенин далилдеген кагаздар көрсөтүлгөн эмес. Тергөөчү оозеки түрдө гана «Медиа Форум» ААК имараты камакка алынганын жана имаратка мөөр басып кетишерин айткан. 

"Апрель" телеканалы "Телеберүү жана радио берүү" мыйзамын бузбагандыктан обого чыгуу укугунан ажыратылган эмес. Бирок, ага карабай 10-октябрда эфирге чыгуу аракетине Кубат Оторбаев башында турган "Санарип технологиялар" ЖЧКсы эфирге чыгарбай койгон. Оторбаев аскер прокуратурасынын каналдын мүлкү камакка алынгандыгы жөнүндө катына таянып койгон. Бирок медиа коомчулук келтирилген жүйөнү негизсиз деп, Апрелдин эфирге чыгарбоо фактысын катуу сынга алган.