23.05.2019 17:44

Сандар менен: Кыргызстанда бензин аткезчилигинин көлөмү канча?

Сандар менен: Кыргызстанда бензин аткезчилигинин көлөмү канча?

Мунай сатуучулар ассоциациясынын айтымында, Кыргызстандагы күйүүчү майдын көмүскө айланымы 25 %ды түзөт. Мындайча айтканда, өлкөдөгү бензин жана дизелдик отундун ар бир төртүнчү литри мыйзамсыз сатылууда. Демек, аларга салык салынбай, кирешеси бюджетке эмес шылуундардын жана аткезчилердин капчыгына кетет.

Салыктан качам дегендер күйүүчү майды кассалык чеги жок сатып же аткезчилик жолу менен киргизүү тандашат. Көз боёмочулар бензин же дизелдик отунду, салык салынбаган химиялык өнүм катары өлкөгө киргизишет. Ал эми мыйзамга ылайык, ар бир литрден бюджетке 7 сомдон которулушу керек эле.

Мунай сатуучулардын айтымында, өткөн жылы акциз жана кошумча нарк салыктары боюнча бюджеттин чыгымдары дээрлик үч миллиард сомду түзгөн.