16.05.2020 13:27

Санкт-Петербург-Бишкек чартердик каттамы менен 156 кыргызстандык келди

Санкт-Петербург-Бишкек чартердик каттамы менен 156 кыргызстандык келди

16-майга караган түнү Россиянын Санкт-Петербург шаарынан чартердик учак менен 156 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чет жерден келген жарандар коопсуздук максатында "Манас" аэропортунун учуу тилкесинен эле текшерүүдөн өткөрүлүп, COVID-19 вирусуна ПЦР диагностикага анализ тапшырышты. Андан кийин обсервацияга жөнөтүлгөн.

Саламаттык сактоо министрилиги сырттан кайтып келип жаткан кыргызстандык жарандар ПЦР диагностикага анализ тапшыргандан кийин, үч күн бою карантиндик зонада болорун билдирди.

“Эгерде анализи терс болуп, адам байланышкандардын катарына кирбесе, анда ал бардык эрежелерди жана талаптарды сактоого милдеттүү болуп, үй карантинине жиберилет. Эгерде үйдө тийиштүү шарттар жок болсо, анда Саламаттык сактоо министрлиги аны обсервациялардын бирине жайгаштырат”-деп айтылат маалыматта.

Анализдин жыйынтыгы коронавирустун бар экенин көрсөтсө, жаран стационарга дарыланууга, ал эми анализи терс болгон байланышкан адамдар медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга жаткырылат.

Учурда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны 1117 адамга жетти. Алардын ичинен 783 адам айыгып чыкты. 14 адам көз жумган.

11-майдан тартып Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал абалы күчүндө. Коомдук транспорт жүрө элек. Жолдо жүрүү үчүн буга чейин алынган уруксаат кагаздар жокко чыгарылган.