26.04.2019 11:44

Санкт-Петербургда кыргызстандык мигрант экскаватордун алдында калып каза болду

Санкт-Петербургда кыргызстандык мигрант экскаватордун алдында калып каза болду

Санкт-Петербургда кыргызстандык мигрант оодарылып кеткен экскаватордун алдында калып каза болду. Бул туурасында орус ЖМКлары жазып чыгышты.

Кырсык 25-апрель күнү саат 14:30дар чамасында «Северная корона» мейманканасын түрттүрүп жаткан учурда орун алган. Эски дубалдарды уратууда топурак чөгүп кетип, көнтөрүлүп кеткен экскаватор ошол жерде иштеп жүргөн 37 жаштагы Олим Насретдиновду басып калган. Ал жеринде каза тапкан. 

Экскаватордун айдоочусу аман-эсен, өз алдынча унаадан түшүп кеткен.

Бул факт боюнча РФ Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси менен (курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелеринин сакталбай, этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү) кылмыш иши козголду.