13.06.2019 10:32

Санкт-Петербургда кыргызстандык студент кыз 9-кабаттан кулап кетти

Санкт-Петербургда кыргызстандык студент кыз 9-кабаттан кулап кетти

Санкт-Петербургда 17 жаштагы кыргызстандык студент кыз 9-кабаттан кулап кетти. Ал терезе жууп жаткан. 

Орус ЖМКлары кабарлагандай, кырсык 11-июнь күнү саат 21:00дө орун алган. Кыз апасы жана эжеси болуп, Пушкин районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашап жаткан. Кулаган учурунда үйдө жалгыз болгону айтылат. Күбөлөрдүн айтымында, кыз терезе жууп жатып, кокусунан кулап кеткен.  

Жабырлануучуну ооруканага жеткиришти. Дарыгерлер анын оор абалда экенин: башынан жаракат алганын, мээси катуу жабыркаганын, эки жамбаш сөөгү, оң ийини сынганын айтышты.

Полиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө.