04.04.2019 10:18

Санкт-Петербургда сууга чөккөн кыргыз жараны эмнеден каза болгону айтылды

Санкт-Петербургда сууга чөккөн кыргыз жараны эмнеден каза болгону айтылды

1-апрелге караган түнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Дудергоф дарыясынын жээгинен 49 жаштагы кыргыз жараны эс-учу жок абалда табылып,  «Тез жардам» кызматы менен ооруканага жеткирилгенде, каза болуп калганы кабарланган.

Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, дарыгерлер ага «өтө үшүп калган, тузсуз көлгө чөккөн, курч жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган, баш мээсинде оор жаракаты болгон, асистолия» деген диагноз коюшкан. 

Кыргызстандын Орусиядагы Элчилиги каза болгон жаран Ош облусундагы Араван районунун 1970-жылы туулган Б.А.М. аттуу тургуну экенин кабарлады. Ал эми маркумдун сөөгү Орусиянын тергөө органдарынын уруксаты берилген соң мекенине жибериле турганы айтылды.

Маалым болгондой, каза болгон адамдын Орусияда уулу жана небереси бар. Алардын тез арада Кыргызстанга келүүсү үчүн тийиштүү документтер даярдалып берилди.