02.04.2019 09:00

Санкт-Петербургдагы жол кырсыгынан каза тапкан жарандын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт

Санкт-Петербургдагы жол кырсыгынан каза тапкан жарандын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт

Россиянын Санкт-Петербург шаарында жол кырсыгынан каза тапкан жарандын сөөгү бүгүн, 2-апрелде мекенине жиберилет. Бул туурасында КР Орусиядагы Элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-март күнү эртең менен Санкт-Петербург шаарынын Невский жана Литейный  кең көчөсүнүн тоомунда бир нече унаа катышкан олуттуу жол кырсыгы катталган. 

Кагылышуунун кесепетинен «Фольксваген Поло» унаасынын айдоочусу, Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган 41 жаштагы кыргыз жараны жеринде каза тапты. Жол кырсыгынын калган катышуучулары ооруканага жаткырылды. 

«Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, каза тапкан кишинин 37 жаштагы иниси Т.С. жабырлануучу катары таанылды. Сөөктү мекенге жөнөтүү боюнча кеп-кеңештер берилип, Орусиядагы кыргыз диаспорасынын активисттери тарабынан акча каражат чогултулуп берилди. «Жүк-200» бүгүн, 2-апрелде Кыргызстанга жөнөтүлөт. Маркумдун үй-бүлөсүнө андан ары көмөктөшүү маселеси Элчиликтин көзөмөлүндө», -деп айтылат маалыматта.