09.04.2019 12:09

Сапар Исаков: Ата –энем мени паракорлор менен коррупционерлерди жек көрүүгө тарбиялаган

Сапар Исаков: Ата –энем мени паракорлор менен коррупционерлерди жек көрүүгө тарбиялаган

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков жалпы кыргыз элине кайрылып, саясий билдирүү жасады. Билдирүүнү КСДПнын маалымат кызматы таратты.

Текстти толук келтиребиз:

Урматтуу мекендештер!

Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоо маселеси боюнча тергөөнүн жыйынтыгы жана соттук териштирүүлөрдүн башталышы бул кылмыш ишинин жасалмалуулугун, саясый жана буйрутма мүнөздө гана экенин тастыктады.

ЖЭБдеги кыйроого чыныгы күнөөкөр адамдар жана ЖЭБди 2017-2018 – жылдагы күз-кыш сезонуна даярдаган, ЖЭБдин эски бөлүгүндөгү ремонтту сапатсыз жүргүзгөн адамдар айыптоолорго жамынып алышып, Президент Сооронбай Жээнбековдун жана анын «кеңешчи сөрөйлөрүнүн» саясый буйрутмасын аткарышууда. С.Исаковго, Ж. Сатыбалдиевге, О. Артыкбаевге, А. Калиевге, С. Авазовго, Ж.Назаровго, Т. Биримкуловго, О. Лавровага карата тагылып жаткан айыптоолор негизсиз. Кыйроонун себептерин талдап чыгып, аларды четтетүүнүн ордуна, биз бийликтегилердин көйгөйдү «оору баштан соо башка» оодарган таптакыр ойго келгис иш-аракеттерин көрүп турабыз.

Мага жана жогоруда аталган башка адамдарга карата коюлган айыптоо корутундулары укуктук негиздерден таптакыр куржалак жана  саясый популизм менен укуктук түр көрсөткөн «шылуундуктун» аралашмасы болуп саналат. Тергөөнүн жүрүшүндө жол берилген процессуалдык жана башка бузуулар Кыргыз Республикасынын укук коргоо системасынын беделин түшүрүүдө, тергөө жана көзөмөл кылуу органдарынын кесипкөйсүздүгүнүн айкын мисалы болууда. Кылмыш ишинде Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо жөнүндө бекитилген келишим боюнча бизге тагылган айыптарды тастыктаган бир да далил жок, болгон да эмес.

2018-жылдын январындагы кыйроо учурунда жана андан кийин мен жетектеген  өкмөт бузулгандарды четтетип, жылуулук энергиясын берүүнү жандандыруу жана кыйроонун шаардыктар үчүн жагымсыз болгон кесепеттерин колдон келишинче жумшартуу боюнча чукул чараларды көргөн.

Биз  2017-жылдын дээрлик сентябрына чейин иштеген жана 2017-2018 – жылдардагы күзгү –кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча негизги иштерди аягына чыгарууга милдеттүү болгон Сооронбай Жээнбековдун мурунку өкмөтүн күнөөлүү деп «түртө» салган жокпуз. Алтургай, мен Бишкек шаарынын тургундарынан кечирим сурап, убада бергендей, өзгөчө кырдаалды кыска мөөнөт ичинде жөнгө сала алдык. Ошол күндөрү Бишкекке туруштук берүүгө ЖЭБдин модернизацияланган, башкача айтканда, жаңыланып курулган, кыйроо жана аномалдуу сууктун шарттарында кынтыксыз иштеген бөлүгү жардам берди.

Бирок болуп өткөн кыйроодон Ак үйдүн жаңы кожоюндары өзүлөрүнүн саясый кегин, бөлүп айтканда, менден өч алуу мүмкүнчүлүгүн көрөт деген жагдайды биз таптакыр эске алган эмес экенбиз. Бул жерде жекече жектөөбү же саясый тыкыр эсеп басымдуулук кылдыбы, аны мен айта албайм. Бирок мындай аракет бат эле байкалды жана азыраак убакыт өтпөй, ачык эле болуп калды.

Коомчулуктун көңүлүн кыйроонун чыныгы себептеринен жана мурунку өкмөттүн ишиндеги кемчиликтерден алагды кылуу үчүн ЖМКда макулдашуу учурундагы жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорун ишке ашыруудагы ар кандай бузуулардын темасы активдүү талкууга түштү.  

Коомдук аң–сезимге ЖЭБдеги кыйроого модернизация күнөөлүү болду деген пикир тынымсыз таңууланып турду. Кыйроо ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгон деген биздин эскертүүлөрүбүздү эч кимдин уккусу келген жок. Расмий кызматтагылар кытайлык ТВЕА компаниясы иштин наркын жогорулаткан деп адамдарды ишендирип жатышты, бирок ошол эле учурда россиялык Интер РАО ЕЭС компаниясы ЖЭБдин жогорулатылган 1 МВт кубаттуулугу үчүн өз кызматын 1,55 эсеге кымбат нарк боюнча сунуштаганы туурасындагы фактыны таптакыр четке кагышты.

Жеке мени кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргогон дешип жок жерден айыпташууда, бирок бул компанияны долбоордун бирден бир аткаруучусу кылып кимдир бирөөлөр эмес, Кытай Эл Республикасынын өкмөтү өзү аныктаганын таптакыр эске албай жатышат. Модернизациялоо долбоорун каржылап жаткандан кийин бул Кытай өкмөтүнүн укугу болгон. Аталган маселенин Жогорку Кеңеште талкууланышы жана анын артынан Бишкек шаардык ЖЭБди модернизациялоо боюнча макулдашууга тиешеси бар кызмат адамдарын кылмышка куугунтуктоо бетпактык менен эки жүздүүлүктүн жеткен чеги болуп калды. 

Ошол учурда биз расмий каналдардан тынымсыз куюлуп жаткан ачыктан ачык популисттик демагогияга каршы тура албаганыбызды моюнга алуу керек. Адамдар да бул калпка ишенип калышты.

Бирок биз чындык менен адилеттүүлүк эртедир кечтир салтанат кураарына ишенебиз. Жыл өтсө да айыптоочу тарапта биздин күнөөбүздү тастыктаган бир да реалдуу далилдердин жок экени ачык болуп калды.

Бардык айыптоолор ойдон чыгарылган. Айыптоо корутундусу юридикалык документти эмес, далили жок ушак-айыңдар менен түкшөмөл ишаралардын топтомун эске салат. Жээнбековдун пиарчылары иштин аныгын билбеген адамдардын эмоционалдуу абалынан пайдаланып кетишти. Карандай калпка кошуп «элден уурдалган акчалар» делинген оңбогондой ири суммаларды айтып жатышса, мындайга ким ишенбейт.

Бийлик тараптан коомчулукка таңууланып жаткан уламыштарды жокко чыгаруу үчүн биздин адистер «Кыскача маалыматтык материалды» даярдашкан (тиркелет). Муну менен таанышып чыккан анча–мынча сабаты бар ар бир адам бизге тагылып жаткан айыптоолордун ойдон чыгарылган сандырактыгына көзү жетет.

 

Урматтуу мекендештер!

Бир жылга жетпеген убакыт мурда мынчалык караланып, коррупцияга айыпталаарым оюма да келген эмес. Ата–энем, улуу жолдошторум мени паракорлор менен коррупционерлерди жек көрүүгө тарбиялашкан. 

Мен чынында эле улуттук кайра жаралуу долбоорлорун жана Кыргызстандын көз карандысыздыгын, анын ичинде, Бишкек ЖЭБдин жаңы бөлүгүн курууну жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын идеяларын алдыга жылдырууну, Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушун жана Тарых музейин реконструкциялоону чын дилимден колдогон элем. Курулушту ишке ашырган уюмдар же тендер өткөрүүдө айрым мекеме –уюмдар тарабынан жасалган кандайдыр бир бузуулардын болгонун жокко чыгарбай туруп айтканда, булар өлкөгө керектүү чечимдер болгон. Мен дайыма өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн ак иштегенмин.

Расмий кызматтагы кишилер жана бийликке жакын маалымат каражаттары таратып жатышкан бул ыплас калпка көптөгөн адамдардын ишенип алганын аңдап билүү абдан оор.

Менин күнөөм жок экенине ишенген бардык жарандарга терең ыраазымын. Мен сиздерди уятка калтырбайм! Өзүмдүн үлүшүмө туш келген бардык сыноолорду көтөрөм жана атымдын ак экенин коргойм. Көз карандысыз эксперттер КТРКнын мен жөнүндөгү көрсөтүүлөрүнүн буйрутма жана атайын мүнөздө болгонун далилдешти. Ошондуктан мен Кыргызстандын эли чындыкты билиши үчүн күрөшөм. Мен акмын жана муну кандай болбосун, далилдейм. Анткени чындык мен тарапта!

Биздин күчүбүз да – чындыкта!

Урматтоо менен,

 

Сапар Исаков