20.08.2019 20:07

Сапар Исаков ден соолугу тууралуу: Өзүмдү жакшы эле сезип турам, санааркоого себеп жок

  Сапар Исаковдун иши (4 материала)
Сапар Исаков ден соолугу тууралуу: Өзүмдү жакшы эле сезип турам, санааркоого себеп жок

Кыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаков ден соолугу тууралуу билдирүү жасады. Анын текстин April.kg порталына жактоочулары беришти. 

«Менин ден соолугум үчүн кабатырланып, мага колдоо созүн айтып жаткандарга ыраазычылык билдиргим келет. Мен дарыланып жатам, дарыгерлер колдон келгенин кылып жатат деп ишенем. Өзүмдү жакшы эле сезип турам, санааркоого себеп жок. Баарыңыздарга чоң рахмат!» - деп билдирди ал. 

Буга чейин медиа эксперт жана экс-премьер-министрдин мурдагы кеңешчиси Гүлнура Төралиева Сапар Исаковдун абалы жакшы эмес экенин маалымдаган эле.  

Эскерте кетсек, 16-август күнү айрым ЖМКлар Сапар Исаков инсульт алып, УКМКнын Тергөө абагынан шашылыш түрдө ооруканага жаткырылганын жазышкан.

Ошол эле күнү кайра «кыр арка омурткасындагы тамырларда кан айлануунун бузулушу» деген диагноз айтылган. Абалы «канааттандыраарлык» деп бааланган.

Исаковдун палатасын милиция кызматкерлери кайтарып, жактоочусунан башка адамдарды, жадагалса, үй-бүлөсүн да киргизбей жаткан. Бүгүн гана, 20-августта туугандарына ага кирип чыгууга 3 саат убакыт берилген.