20.08.2019 16:27

Сапар Исаковдун абалы жакшы болбой жатканы айтылды

  Сапар Исаковдун иши (4 материала)
Сапар Исаковдун абалы жакшы болбой жатканы айтылды

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун ден соолугу жакшы болбой турат. Бул туурасында April.kg порталына анын мурунку кеңешчиси жана медиаэксперт Гүлнура Төралиева билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер Исаковго так диагноз койбой жатышат.

«Сапар Исаков өзүн начар сезип жатат, керебеттен тура албайт, отура албайт, купкуу жана алы жок. Анын абалы жубайына да жакпай турат. Дарыгерлер айтып жаткан расмий диагноз көп суроолорду жаратууда. Өзү болсо, баягысындай эле «баары жакшы» деп жатат. Аны жакшыраак текшерип чыгууларын суранам», - деди Төралиева.  

Эскерте кетсек, 16-август күнү айрым ЖМКлар Сапар Исаков инсульт алып, УКМКнын Тергөө абагынан шашылыш түрдө ооруканага жаткырылганын жазышкан.

Ошол эле күнү кайра «кыр арка омурткасындагы тамырларда кан айлануунун бузулушу» деген диагноз айтылган. Абалы «канааттандыраарлык» деп бааланган.

Исаковдун палатасын милиция кызматкерлери кайтарып, жактоочусунан башка адамдарды, жадагалса, үй-бүлөсүн да киргизбей жаткан. Бүгүн гана, 20-августта туугандарына ага кирип чыгууга 3 саат убакыт берилген.