16.08.2019 19:00

Сапар Исаков инсульт алып, ооруканага жаткырылды

  Сапар Исаковдун иши (4 материала)
Сапар Исаков инсульт алып, ооруканага жаткырылды

УКМКнын Тергөө изоляторунда отурган Сапар Исаков инсульт алды. Ал ооруканага жаткырылды. Бул туурасында күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, Kaktus.media. билдирди. 

Гульнура Төралиеванын айтымында, бир  нече күн мурун Исаковдун абалы начарлап, жубайы ага толтура дары-дармек алып барып берген. Жактоочусу Исаковдун ооруканага жаткырылганы тууралуу маалыматты УКМКдан тастыкташканын билдирди. 

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 29-майында Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр Сапар Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Ал 5-июнда камакка алынган.