29.05.2018 14:22

Сапар Исаков: Тарых музейиндеги биз жасаган иш - Кыргызстанга пайдасын алып келчү иштердин бири

Сапар Исаков: Тарых музейиндеги биз жасаган иш - Кыргызстанга пайдасын алып келчү иштердин бири

«Камакка алышат деп коркпойм, анткени, камаш үчүн негиз керек. А мен 100 пайыз таза иштегем», -деп билдирди саат 14:00гө УКМКга суракка келген Сапар Исаков кабарчыларга. Бүгүн мурунку өкмөт башчы ушуну менен 4-ирет Коопсуздук кызматына чакырылып отурат.

Коопсуздук кызматынын имаратына бир аз эртерээк келген Сапар Исаков April.kg кабарчыларынын жана башка журналисттердин суроолоруна жооп берди.

- Бул ирет эмне себептен чакырышты деп ойлойсуз?

- Бул - териштирүү убагында боло жүрчү  процедуралардын бири. Андыктан, Кыргызстандын жараны, мурунку өкмөт башчы катары, президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы катары коюлуп аткан суроолорго келип, жооп беришим зарыл. 

- Камап коет деп коркпойсузбу?

-Камакка алат деп коркпойм, себеби, камакка алыш үчүн негиз керек. Эгер адам мыйзам бузса, же ыплас нерсеге барса, анда камакка алынат. Мен 100 пайыз тазамын.

ЖЭБди жаңылоодо баалардын кымбат болуп калышына жоопкерчилигиңиз барбы?  

-Ал кездеги  менин эң негизги милдетим - Кыргызстанга арзан пайыз менен инвестиция тартуу болчу.  Андан аркы, 1 мегаватт электр энергиясы же 1 гигакалорий жылуулуктун баасы канча, эл аралык стандарттарга дал келеби, дал келбейби, мыйзам бузуулар болгонбу деген маселелерди тергөөнүн жүрүшүндө  аныктаса болот. Бирок, менимче, бул иш боюнча эл аралык аудит өтпөсө, чындыкка келе албайт окшойбуз. 

-Тарых музейиндеги оңдоо иштери тууралуу эмне айта аласыз? 

-Тарых музейи боюнча, ар бир өзүн сыйлаган мамлекетте заңгыраган тарых музейи бар деп айтсам, баарыңар макул болот болушуңар керек. Мисалы, Казакстанды, же башка өлкөлөрдү алалы.  Чет өлкөдөн келген коноктор Кыргызстандын тарыхын же келечегин билели дешсе,  тарых музейине барышат.  Сиздер да билесиздер, ал жакта мурун Ленин атабыздан башка эч нерсе жок болчу.  Азыр тарых музейине келгенде, сен суктанасың. Кыргызстан бар экен, тарыхы бай экен деген ойго келесиң.  Бул - биздин демилге болчу. Алмазбек Шаршенович президент кезде, тарых музейин оңдош керек, ал биз сыймыктана турган жер болуш керек деген максат койгон. Эми  мектеп окуучулары же коноктор сөзсүз тарых музейине барат.  Тигил же бул мынча турат экен деген кептер чыгып атат. Эгер баасы боюнча шектер жаралып жатса, ал изилденип чыгыш керек. Биз жасаган иш Кыргызстанга пайдасын алып келе турган иштердин бири болду.  Мен тарых музейин оңдоо иштерине тиешем бар экенине сыймыктанам. Алмазбек Шаршеновичтин тапшырмасы менен тиешелүү процесстерди көзөмөлдөп турдум. Башында түрктөр менен иштеп аттык, ал жактан процесс токтоп калгандыктан, өзүбүз акча каражатын издедик. Өкмөткө чоң рахмат, убагында жакшы жардам берди.

- Сизди байма-бай суракка чакырып жатышканында саясий негиз бар деген ойду дагы эле карманасызбы?

- Бул боюнча мурда өзүмдүн баамды бергем. Азыр деле ошондой ойдо турам. Бүгүн ЖМКлар аркылуу да, социалдык түйүндөр аркылуу да системалык түрдө каралаган материалдар кетип атат, мени, Алмаз Шаршеновичти жаман сөздөр менен айтып жатышат. Кайсы жерге кирбейин, кайсы соцтармакты окуба, чыккынчы деп атап атышыптыр. Мына, бүгүн да жазып атышыптыр, мени Кыргызстандан качып кетиптир, Новосибирскийден кармашыптыр деп, мен эч качан Кыргызстандан кетпейм, мен өз мамлекетимден эч качан кетпейм, Кыргызстанды абдан жакшы көрөм, мамлекетибиз үчүн көп кызмат кылып бергенге даярмын, коррупцияга эч качан малынган эмесмин, таза иштегем. Ошондуктан, мен эчтекеден коркпойм.

- Ипподром жана тарых музейи боюнча териштирүүгө чакырышы мүмкүн деп ойлойсузбу?

- Бул тергөө органына бериле турган суроо. Биз иштеп турган маалда, биздин топ көп долбоорду ишке ашырды: алар жолдор, коопсуздук, тарых музейинин оңдолушу сыяктуулар. Биз кылгандын баары Кыргызстандын пайдасына кызмат кылат деп ойлойм.