05.06.2018 19:30

Сапар Исаков тергөө бүткүчө камакта калат

Сапар Исаков тергөө бүткүчө камакта калат

2018-жылдын 5-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан мурунку премьер-министр С.Исаковго  карата баш коргоо чарасы тергөө аягына чейин КР МУКК тергөө камак жайына кармоо болуп өзгөртүлдү. Бул туурасында УКМКдан билдиришти. 

29-майда мурунку премьер-министр Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБин жаңылоо  боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында «Жемкорлук»  беренеси менен айып тагылып, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген. 

Маалыматта: «Сапар Исаков 2013-жылы президент аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген», — деп жазылган.

Тергөө жүрүп жатат.