05.06.2018 16:16

Сапар Исаков УКМК имаратына сурак берүүгө кирди

Сапар Исаков УКМК имаратына сурак берүүгө кирди

Сапар Исаков УКМКдан суракка чакыртылып жатканы тууралуу билдирүүнү бүгүн 14:30дар чамасында алган. Бул туурасында мурунку өкмөт башчы өзү кабарчыларга билдирди.

Өз убагында келип, Коопсуздук кызматынын имаратына кирип бараткан Сапар Исаков «Мен мыйзамды сыйлайм. Андыктан, айтылган убакка суракка келдим. Буга макамым дагы милдеттендирип турат», -деп билдирди.  

Эскерте кетсек, буга чейинки суракта Исаков  тергөөчүнүн бөлмөсүндө 5 сааттан ашык убакыт кармалган.