05.06.2018 15:39

Сапар Исаков УКМКга суракка чакыртылды

Сапар Исаков УКМКга суракка чакыртылды

УКМК бүгүн мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковду дагы суракка чакырды. Исаков бүгүн 16:00дө Коопсуздук кызматына келиши керек. Бул туурасында April.kg порталына өздүк булактар билдиришти.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковго 29-майда  Бишкек ЖЭБин жаңылоо  боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында «Жемкорлук»  беренеси менен айып тагылып, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирген. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирген. 

Маалыматта: «Сапар Исаков 2013-жылы президент аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген», — деп жазылат.