07.06.2018 09:00

Сапар Исаковдун тарапташтары анын ишин адилет териштирүүнү суранышат

Сапар Исаковдун тарапташтары анын ишин адилет териштирүүнү суранышат

«Биз ЖЭБдин жаңыланышын акыйкат иликтөөнү жана Сапар Исаковго карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылабыз». Мындай мазмундагы  петицияны  мурунку премьер-министрдин тарапташтары www.change.org сайтына жайгаштырышты. Алар тергөө менен кызматташып, өлкөдөн качып кетүүгө камданбаган Сапар Исаковдун камакка алынуусуна кыжырданып тургандарын билдирген.  

«Сапар Исаковду Бишкек шаардык  ЖЭБин модернизациялоонун башкы подрядчиги болгон “ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын коргогон” деп айыпташууда. Ошол 2013-жылы Сапар Исаков тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы катары Кытай мамлекетинин төрагасы Си Цзиньпиндин КРга болгон мамлекеттик иш сапарын даярдоого жооптуу болгон. Анын ыйгарым укуктарына эки өлкөнүн жетекчилери кол кое турган документтерди техникалык жактан гана даярдоо кирген», -деп жазылат петицияда.

Кытай тарап менен макулдашуунун долбоору ошол кездеги премьер-министр  Жантөрө Сатыбалдиев  тарабынан  2013-жылдын 2-декабрында   даярдалган. 2013-жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБди модернизациялоо үчүн кредит жана грант жөнүндө макулдашууну ратификациялаган. 23-декабрда ага президент кол койгон.

«Кыргыз өкмөтү даярдаган эл аралык келишимдин алкагында кытай тарап тандап, 91 депутат ратификациялаган  компаниянын “кызыкчылыгын” коргоо мүмкүн эмес», -деп жазылат петицияда.

Айтымдарында, ЖЭБди модернизациялоо, кредит, подрядчикти кытай тарап өзү тандап алаары жөнүндө чечимди ошол мезгилдин саясий элитасы жалпы кабыл алган жана муну кытай тараптын 2013-жылдын 31-октябрындагы “ТВЕА долбоордун бирден бир аткаруучусу болуп табылганы” жөнүндө расмий нотасы тастыктап турат.

«ТВЕА менен контракттын шарттарына Жантөрө Сатыбалдиев жоопкер болгон жана бул 2013-жылдын 11-сентябрындагы келишимде чагылдырылган. Андан кийин долбоор менен Өмүрбек Бабановдун өкмөтү алектенген. Жоомарт Оторбаевдин тушунда болсо ТЭНу даярдоо жүргүзүлгөн. Темир Сариевдин тушунда болсо жабдууларды сатып алуу, эски нерселерди демонтаждоо жана башка техникалык иштер жүргүзүлгөн. ЖЭБди модернизациялону Сооронбай Жээнбеков аяктаган, ошондой анын тушунда, 2017-жылдын 7-июлунда долбоорду толугу менен кабыл алуу актысы жүргүзүлгөн. Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда ЖЭБди модернизациялоо менен алектенген эмес. Ошондуктан күнөөлүүлөрдү тандоо менен куугунтуктоо сот акыйкатынын фундаменталдуу принциптерин бузгандыктан, мамлекетке болгон ишенимди алсыратат. Мунун коррупция менен күрөшкө эч кандай тиешеси жок»- дешет Исаковдун тарапташтары.

Мындан улам, Сапар Исаковдун санаалаштары ЖЭБди модернизациялоонун акыйкат иликтенүүсүн жана Сапар Исаковго карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылаарын билдиришет. 

Эскерте кетсек, Сапар Исаковго "Жемкорлук" беренеси менен айып тагылып, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.