23.05.2019 13:21

Сапар Исаковдун жактоочулары соттон ЖМКда жарыяланган макаланы ишке кошууну суранышты

Сапар Исаковдун жактоочулары соттон ЖМКда жарыяланган макаланы ишке кошууну суранышты

Сапар Исаковдун жактоочулары ишке ЖМКларда жарыяланган 150 миллион долларлык техникалык-экономикалык негиздеме жок экени тууралуу макаланы кошууну суранышты. Бүгүн, 23-майда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБ жаңылоо иши боюнча соттук процесс уланууда. 

Отурумдун жүрүшүндө Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев соттон 24.kg маалымат агенттигине чыккан «ТЭО проекта для модернизации ТЭЦ Бишкека. Куда делись $150 миллионов?»  аттуу макаланы ишке кошууну суранды. 

«Макалада Дүйнөлүк банк Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоору үчүн 150 миллион долларга  техникалык-экономикалык негиздеме жасабаганы айтылат.  Анда Дүйнөлүк банк техникалык-экономикалык негиздемени каржылабаганы белгиленет», -деп билдирди жактоочу. .

Буга айыптоочу тарап каршы чыкты. Прокурорлордун бири ЖМКда чыккан макала далил катары эсептелбей турганын жарыялады. 

«Макаланы жазган Юлия Костенко ким экенин каайдан билебиз? Ал ким менен сүйлөшкөн?  Эмне болгон кызматкер? Андыктан, сотту макаланы ишке кошпоого чакырам», - деди прокурор.

Адвокат прокурорго мыйзам боюнча ЖМКга жарыяланган макала кылмыш иште негиз болуп бере алаарын билдирди. 

«Кийинчерээк макаланын авторун күбө катары чакырса болот», - деди ал. 

Улуттукэнергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев ишке өзүнүн өкмөттүн архивинде техникалык-экономикалык негиздеме такыр болбогону тууралуу сөзүн кошууну суранды. 

Жыйынтыгында сот жогоруда айтылган макаланы иштин материалдарына кошту.