20.09.2019 11:40

Сары-Камышта беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына шектүү Тергөө абагына киргизилди

Сары-Камышта беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына шектүү Тергөө абагына киргизилди

Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылынын жанында болгон жол кырсыгына шектүү аял ооруканадан Тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 16-сентябрда дарыгерлер тергөө органдарына 41 жаштагы Ф.Е. аттуу шектүү аялды ооруканадан Караколдогу Тергөө абагына которууга уруксат беришкен. Эми ал жерде соттун чечимин күтмөкчү. 

Эске сала кетсек, 30-август күнү Каракол-Бишкек унаа жолунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда BMW-Х5 унаасы менен BMW-523 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен BMW-523 унаасында келе жаткан айдоочу менен төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерден мүрт кетишкен. Алардын арасында 1 жаштагы наристе да бар болгон. Укук коргоо органдары BMW-Х5 унаасын башкарып бараткан аял мас абалында болгонун, унааны башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткенин билдирген. Ал жүргүнчүсү экөө жеңил жаракат алып, ооруканага жаткырылган.