09.05.2020 13:12

Сеид Атамбаев кыргызстандыктарды Жеңиш Күнү менен куттуктады

Сеид Атамбаев кыргызстандыктарды Жеңиш Күнү менен куттуктады

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев кыргыз элин  Улуу Жеңиш Күнү менен куттуктады. Куттуктоо текстин толугу менен келтиребиз:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди,  9-май Жеңиш күнүңөр менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул майрам мааниси, мазмуну жагынан өтө терең- Улуу майрам!

Урматтуу мекендештер, биз кандай гана учурга тушукпайлы, бирок, ошол 1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун маанисин эч ким, эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек!

Биз бүгүн белгилеп жаткан ушул Улуу жеңишке жетиш үчүн, Мекенди фашисттик баскынчылардан коргоп калыш үчүн энеси баласынан, баласы атасынан, жап жаш колуктусу жолдошунан айрылып, миллиондогон тагдырлар талкаланды. Жер планетасында 70 миллиондон ашык адамдын өмүрүн алган мындай алаамат согуш адам баласынын тарыхында болгон эмес.

Ошол Улуу Ата Мекендик согушта 365 миңден ашык Кыргызстандык катышып, 100 миңдейи мерт болуп, өз Ата Журтуна кайтпай калган. Биздин Мекендештерибиз да жалпы адамзатынын башына түшкөн алааматта кайталангыс эрдиктерди көрсөтө алды. Биздин мекендештерибиз болгон Панфиловчулар двизиясын кимдер гана билбейт. Улуу Ата Мекендик согуш башталган күндөн баштап ошол даңктуу 316-аткычтар двизиясы түптөлүп, СССРдин борбору Москва шаарынын түбүнө чейин алкынып кирип келген душманды Волокаламск шоссесинде, Добесково разрезинде мизин кайтарган кайталангыс эрдиктерди көрсөткөн.Двизиянын 28 азаматы баатырлыктын эң жогорку даражасы болгон Советтер Союзунун баатыры деген наамга ээ болушкан. Дүйнөлүк 2-согуш болгон Улуу Ата-Мекендик согуштун тарыхында мындай массалык эрдик көрсөткөн окуя болгон эмес.

Ошондой эле Ата Мекен үчүн болгон согуш учурунда 150миңден ашуун кыргызстандыктар орден-медалдар менен сыйланып, 72си Советтер Союзунун Баатыры  наамына татыган. Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Исмаилбек Таранчиев, Дайыр Асанов, Самат Садыков жана башка кыргыз жигиттери.

 

Жана да Ата Мекендик согуш учурундагы ар бир бешинчи ок Кыргызданда даярдалып фронтко жөнөтүлүп турган. Ошол алаамат учурунда жана андан кийин да кыргыз эли согушта жапа чеккен Ленинград, Сталинград, Ростов, Курск, Воронеж областарына, Украина, Молдвия жана Түндүк Кавказдын бүлүнгөн, кыйраган чарбаларын калыбына келтириш үчүн көптөгөн жардамдарды көрсөтүшкөн. Москва, Ленинград шаарларынан 150 миңге жакын адам Кыргызстанга эвукацияланган. Полшадан 20 миң адам келип убактылуу жан багып турушкан.

Урматтуу мекендештер! Жеңиш күнү биз үчүн өзгөчө сабак болууга тийиш. Ушул улуу жеңиштин мазмуну айтып тургандай саткынчылык, уурулук, алдамчылык деген нерселер бизде болбошу керек! Чоң аталар, чоң апаларыбыз кан менен, маңдай тер менен алып келген бул жашоону биз таза жүрүм-турумубуз менен, элге ак кызмат кылуу менен өтөөгө милдетүүбүз!

Дагы бир жолу 9-Май майрамыңыздар менен! Кыргызстандын бейпил асманы бузулбасын! ЖЕҢИШ деген улуу түшүнүктүн мааниси ар бириңердин жүрөгүңөрдө сакталып, айланаңарда сиздерди сатып кетпеген, алдап кетпеген, чыныгы, таза, ак ниет, ишенимдүү адамдар болсун!

Жүрөгүңөр азап менен кайгыны сезбесин. Жан дүйнөңөрдө ар дайым жеңиштин шаңы, жеңиш маршы оболоп турсун!

Майрамыңыздар менен! Жеңиш күнүңөр менен!»