03.08.2019 15:52

Сергей Слесарев: Башкы прокуратура менен Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевди «экс-президент» макамынан ажыратууга укугу жок

Сергей Слесарев: Башкы прокуратура менен Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевди «экс-президент» макамынан ажыратууга укугу жок

Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди «экс-президент» макамынан ажырата албайт, Конституцияда Жогорку Кеңеш үчүн мындай ыйгарым укук каралган эмес. Бул туурасында Алмазбек Атамбаевдин укуктук суроолор боюнча өкүлү Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, депутаттар  өздөрүнүн  конституциялык ыйгарым укуктарын өз алдынча кеңейтип, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизе алышпайт. "Башкы прокуратуранын дагы экс-президенттин ишмердүүлүгү боюнча корутунду чыгарганга укуктары жок. Алар учурдагы президентке импичмент жарыялашса болот, бирок экс-президентке эч кандай жарыялай алышпайт", - дейт Слесарев.