12.05.2020 14:57

Шаар ичинде жүрүүгө справканы электрондук түрдө алса болот

Шаар ичинде жүрүүгө справканы электрондук түрдө алса болот

Бишкек шаарында жүрүүгө уруксат алуу үчүн электрондук портал иштеп баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев брифингде билдирди.

Электрондук системанын дареги - 312.meria.kg.

"Система QR-код берет, мындай жол менен алынган уруксаат кагазды чыгарып алуу керек. Бул иштеген компаниянын же жеке ишкердин катталган жери боюнча салык кызматынан күбөлөндүрүлгөн справка менен бирдей  күчкө ээ", -деди вице-мэр.

Патенттин негизинде иштеген жеке ишкерлердин кызматкеринин  фамилиясы жана аты патентте көрсөтүлгөн болсо  Бишкек ичинде жүрүү үчүн уруксат кагазын алуу талап кылынбайт.

Жалпысынан борбордо 108 208 бирдик чарбалык субьект катталган.

Алардын ичинен, 75 363 бирдик иштеп жатат.

 Жумушчулардын жалпы саны 238 064 түзөт", - деп белгиледи Бакетаев.

Алдын ала маалыматтар боюнча 83 280 адам ӨА убагында иштеген жана өз ишмердүүлүгүн 3836 чарбалык субьект улантууда.