12.06.2018 15:17

Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктары республикалык бюджеттен каржылоого өтөт

Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктары республикалык бюджеттен каржылоого өтөт

Жергиликтүү бюджеттен каржыланган бир катар шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которулат. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, деп билдирет өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү. 

Бул чечимди социалдык коргоону мындан аркы оптимизациялоо жана шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн бирдиктүү шарттарын түзүү зарылдыгы шарттады.

Белгилей кетсек, 2012-жылы мурда райондордун жергиликтүү бюджеттеринен каржыланган шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынан башка аймактык социалдык өнүктүрүү башкармалыктары республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүлгөн.

Ошол эле учурда шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттык санына киргизилген мамлекеттик жарандык кызматкерлер болуп саналышат.

Түзүлгөн жагдайды оңдоо үчүн 2018-жылдын 1-октябрынан тарта мурда жергиликтүү шаардык бюджеттен каржыланган Ош, Токмок, Балыкчы, Талас, Каракол, Нарын, Өзгөн, Жалал-Абад, Каракөл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын социалдык өнүктүрүү башкармалыктары республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүлдү.