27.02.2020 11:20

Шайлоо-2020: Караколдо эки депутат урушуп, бири экинчисин сабап салды

Шайлоо-2020: Караколдо эки депутат урушуп, бири экинчисин сабап салды

Караколдо жергиликтүү кеңештеги «Табылга»  фракциясынан депутат Азамат Айтбаевди сабап кетишти. Бул тууралуу жабырлануучунун көрсөтмөсүнө таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя күн мурун, 25-февралда жүз берген. Жергиликтүү кеңештин отурумунун күн тартибине 6 маселе коюлган. Анын ичинде Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметовдун 2019-жыл боюнча отчету каралышы керек эле. Расмий эмес булактарга таянсак, Каниметовдун президент Сооронбай Жээнбеков менен кудалык байланышы бар.

«Мен мэрди колдоп, анын отчетун кабыл алууну сурандым. Анткени биздин чакырылыштын иши соңуна чыгып бараткан. Ал эми отчетту кабыл албай койсок, эч кимге пайдасы жок болмок. 18-19 чакты депутат колдошту. Жалпысынан отурумга 25-26 киши катышып жаткан», - дейт Айтбаев.

Көп өтпөй, Айтбаевди кесиптеши - КСДП фракциясынын лидери Тууганбек Чолпонбаев өз кабинетине чакырган. Учурда ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жергиликтүү штабын де-факто башкарууда. Айтбаевдин пикиринде ал кайрадан шайлоого аттанат.  

Аталган партия өз кезегинде 12-апрелде өтө турчу Каракол шаардык кеңешине шайлоого катышууга даярданып жатат.

«Ал эшикти жаап туруп, күтүүсүз жерден мени сабай баштады: колу менен кулакка чаап, ичке муштап, жакалап, муунта баштады. Ошол эле маалда сөгүнүп жатты. Ага менин мэрди колдоногонум, өз оюмду айтканым жакпай калыптыр», - деп Айтбаев кошумчалады.

Айтбаевдин билдирүүсүнө караганда, Чолпонбаев окуядан кийин эшикти ачып, аны чыгарып жиберген. Чоң залга чыккандан кийин, ачуулукка алдырганын айтып, кечирим сураган.

«Мен штабка кетип калдым. Болжол менен бир саат өткөндөн кийин Чолпонбаев офиске келип, кечирим сурап, чырлашкысы келбегенин айтты. Бирок мен бардыгы мыйзам чегинде чечилсин деп, УКМКнын облустук башкармалыгына барып, арыз жазып, экспертизадан өттүм. Жыйынтыгында менин баш мээм чайкалып калганын аныктап,  невролог жана лор адистерине жөнөтүштү. Дары-дармектерин жазып беришти. Арызым болсо жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталганын кийин билдим», - дейт Айтбаев.

Белгилей кетсек, УКМК кызматкерлери окуя боюнча тасма издешкен. Бирок ал жерде видеокамера болгон эмес.