16.03.2020 12:02

Шайлоо-2020: Кайсы партиялар бийликке ыктай турганы билинип калды

Шайлоо-2020: Кайсы партиялар бийликке ыктай турганы билинип калды

«Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», Кыргызстан либерал-демократиялык партиясы (КЛДП) бийликке ыктаган партиялар. Мындай пикирин экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов журналист Майраш Базлакунова менен болгон «YouTube» каналындагы маегинде билдирди.

Бул себептүү Шыкмаматов парламенттик шайлоого оппозициялык партия менен барарын билдирди. Бирок көздөгөн партиясынын атын ачык айткан жок.

Айтымында айрым саясий партиялар жөнүндө коомчулук билбеген маалыматтарды билет.

«Мен так айтам, оппозициялык партия менен барам. «Ата Мекенди» таштап бийликтин партиясы менен бармак белем? Бийликчил партиялар - «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана КЛДП», - дейт Шыкмаматов.

Эске салсак, Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңешти “Атам Мекен” фракциясынан депутат болуп, анын төрагасы Өмүрбек Текебаев коррупцияга шектелип каммакка алынганда, партияны жетектеп калган. Бирок өткөн жылы декабрь айында мандатын тапшырып, партиядан чыгып кеткен.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 250дөн ашык саясий партия Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн. Парламенттик шайлоо быйыл октябрь айында өтүшү керек. Ага чейин 12-апрелде беш шаарда жана бир нече айылдарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт.