Штаб: Бейтаптардын 67%ында илдеттин симптомдору билинбей өтүп жатат

Штаб: Бейтаптардын 67%ында илдеттин симптомдору билинбей өтүп жатат

60%дан жогору вирус жуктурган жарандарда коронавирус симптому жок өтөт. Бул тууралуу Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Айтымында оорунун белгилери билинбей, илдетти көтөрүп жүргөн абдан кооптуу болуп эсептелет.

“Ал эми, Кыргызстандагы иликтөөлөрдүн негизинде өлкөдө COVID-19 тастылганы менен, бейтаптардын 67%ында илдеттин симптомдору билинбей өтүп жатканы белгилүү. Ошентсе дагы, анализ аркылуу вирус тастыкталган бардык жарандар ооруканага жаткырылып, тийиштүү дарылануу курсунан өтүшөт. Себеби, симптому билинбей өтүп жаткан бейтаптар өздөрү оорубаганы менен, башкаларга жугузушу мүмкүн. Бул абдан кооптуу. Мындан улам, элдин арасында анализ аркылуу тастыкталбаганы менен COVID-19 вирусун алып жүргөндөр бар деп айтууга болот”, - деп билдирди Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов.

Учурда бүткүл өлкө боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 795 кишиге жетти. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 564 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 10 киши илдеттен көз жумду. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 207 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Апрель айынын соңунда өзгөчө абал режимин 10-майга чейин узартуу чечими кабылданган.