Штаб: Стамбулдан келген жүргүнчүдөн COVID-19 аныкталды

Штаб: Стамбулдан келген жүргүнчүдөн COVID-19 аныкталды

17-апрелде Стамбулдан келген жүргүнчүдөн COVID-19 аныкталганын илдетке каршы туруу боюнча Республикалык штаб бышыктады.

Турциядан келген жүргүнчүлөрдүн арасынан бирөөнөн ПЧР диагностикасынын жыйынтыгы менен коронавирус аныкталды, аны менен байланышта болгон адам медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга алынды”, - деп айтылат маалыматта.  

Калган жүргүнчүлөр Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен алгоритм иш-аракеттерине ылайык, биринчи алынган ПЧР анализдеринин терс жыйынтыгынан кийин үй карантинине жиберилген.

Эске салсак, Түркиядан Кыргызстанга кайта албай жаткан 487 мекендештин 211и 17-апрелде Бишкекке учуп келген.

Бүгүн, 23-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 19 учур катталды. Жалпысынан коронавируска чалдыккандардын саны 631 кишиге жетти. Ичинен республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 162 медициналык кызматкерлер ооруп калышты.   

302 бейтап ыйыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 8 жаран илдеттен көз жумган.

Учурда стационарда – 321, алардын ичинен 5 адам реанимацияда жатканы кабарланат.  

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.