14.05.2019 14:40

Сириядагы кыргызстандыктардын туугандары бийликтен жакындарын мекенге алып келүүнү суранышты

Сириядагы кыргызстандыктардын туугандары бийликтен жакындарын мекенге алып келүүнү суранышты

Алданып кеткендерге мунапыс, алардын чүрпөлөрүнө комплекстүү реабилитация. Мындай жардамды Сирияда жүргөн кыргыз жарандарынын жакындары бийликтен күтүшүүдө.

Алардын айтымында, коомдук-мамлекеттик комиссия түзүлүп, ал согуш талаасынан жарандарыбызды мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүшү зарыл. Анткени көбү өз эрки менен кеткен эмес. Жана ал жакта кутуп турган коркунучтар жөнүндө кабарлары да жок болчу.