24.10.2018 15:31

Баткен облусунда мындан 3 жыл мурун кылмыштуу топ тарабынан катылган унаа табылды

Баткен облусунда мындан 3 жыл мурун кылмыштуу топ тарабынан катылган унаа табылды

Баткен облусунда мындан 3 жыл мурун кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан катылган унаа табылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

УКМКнын терроризмге каршы иш-чараларынын  жүрүшүндө, көмүскө иш жүргүзгөн Эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ)  мүчөлөрү аныкталды. Алар Сирия жана Ирактагы согуш жүрүп жаткан аймактагы ЭТУнун ишмердигин андан ары каржылоо үчүн бай адамдарга каршы ок атуучу курал колдонуу менен «Ганимат» аталышындагы тоноочулук иштерди жасап келишкен. 

Көмүскө уюм ири ганиматты ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын өлкө аркылуу өткөрүүчү канал тууралуу маалыматты узакка чогултуп, курал жана автоунаа колдонуу менен талоончулук кылышып, кийин кылмыштын изин жашыруу үчүн эл жок аймакка унааны көмүп койгону аныкталды.  

Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында УКМК Баткен облусундагы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жерден 3 метр ылдый тереңдикте катылган унааны табышты. Ал унаа 2015-жылы апрель айында кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан каракчылык иштеринде колдонулган. 

Ош шаарынын тургунуна кол салып, Кыргызстан аймагына 2015-жылы мыйзамсыз киргизилген 1 млн. 300 миң АКШ долларын тоноп кетүү фактысы боюнча мурда козголуп, учурда токтоп турган кылмыш ишинин алкагында УКМК менен ИИМ биргелешкен ыкчам-тергөө тобу түзүлдү.

Учурда ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.