07.05.2020 15:13

Соль-Илецк шаарында дагы 150дөй кыргыз жараны мекенине кайта албай, ара жолдо калышты

Соль-Илецк шаарында дагы 150дөй кыргыз жараны мекенине кайта албай, ара жолдо калышты

Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында дагы 150дөй кыргыз жараны мекенине кайта албай, ара жолдо калышты. Бул тууралуу мекендештер кайрылуу жасашып, видеосун “Апрель” редакциясына жөнөтүшкөн.

Жалган маалымат тараткан телеканалдар көп болуп атат. Мына чындык ушул видеодо. Биз 150 адам турабыз. Азыркы учурда кете албай, бизди полиция куурчап турат. Азыр чоңдор ушул жактагы адамдардын тагдырын эптеп сүйлөшүп, чечип беришсе жакшы болот эле”, - деп айтылат маалыматта.  

Эске салсак, бүгүн, 7-майда Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан Кыргызстанга 541 жаран алынып келинген. Алар Казакстан тарап менен жетишилген макулдашуунун жыйынтыгында мекенин кайтканын КР ТИМги жар салган.  Эске салсак, кыргызстандыктар коронавирустун жайылышына байланыштуу Россия менен Казакстандын чек арасында Казакстанда киргизилген өзгөчө абалдын аякташын күтүп калышкан.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Апрель айынын соңунда өзгөчө абал режими май айынын 10на чейин узартылган.