06.08.2019 22:41

Солтон-Сарыда абал курчуп баратат, жергиликтүү эл Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун жабууну көздөшүүдө.

Солтон-Сарыда абал курчуп баратат, жергиликтүү эл Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун жабууну көздөшүүдө.

Нарын облусунда Солтон-Сары кен жайын иштетүүгө каршы акция уланууда, абал курчуп баратат. Бул туурасында учурда чатак чыккан аймакта жүргөн "Апрель" телеканалынын кабарчысы билдирди.

Эскерте кетсек, Нарын облусундагы Солтон-Сары кен жайын иштетүүгө лицензия алган кытайлык компания менен жергиликтүүлөрдүн чыры августтун башында башталган. 2-август күнү Нарын облусунда жергиликтүү тургундар менен Кытайдан келген жумушчулар ортосунда уруш чыккан. Жыйынтыгында 2 айыл тургуну жабыркаган. Анын кесепетинен 5-август күнү уруш уланып, жыйынтыгында 40 адам жабыркап, жыйырмасы ооруканага түшкөн.

Кен иштетилчү аймакка жакын жайгашкан айыл тургундары «Zhong Ji Mining» компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышууда. Алардын пикиринде, кенди иштетүү алардын ден соолугуна жана экологияга зыян келтирет. Каршылык акциясына чыккандар бийликтен алтын кен чыгуучу жайдагы иштерди токтотуп, бардык жумушчуларды чыгарып кетүүнү талап кылышууда. Талапты аткарууга 3 саат беришти, эгер өкмөт аткарбай турган болсо, өздөрү ишке ашыра тургандыктарын айтып коркутушту.

Биздин атайын корреспонденттин айтымында, жергиликтүү тургундар катуу нааразы болуп жатышат. Алар жеринде боз үйлөрдү тигип, өкмөт башчы Абылгазиевдин келишин күтмөй болушту. Ошондой эле, "Апрель" телеканалынын корреспондентинин айтымында, жаңжал чыккан аймакта мобилдик байланыш менен интернетти иштетпей жатышат. Бийлик жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартышууда. Мурдараак ИИМ абал көзөмөлдө экенин билдирген.