04.06.2018 12:32

Сооронбай Жээнбеков 6-8-июнь күндөрү Кытайга барат

Сооронбай Жээнбеков 6-8-июнь күндөрү Кытайга барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча 2018-жылдын 6-8-июнунда Кытайга мамлекеттик визит менен барат.  Бул жөнүндө бүгүн, 4-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн  башчысы Данияр Сыдыков жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн брифингде билдирди.

Данияр Сыдыков билдиргендей,  мамлекеттик визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин,  КЭР  Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугаары пландалууда.

«Бул визит келечекке багытталган кыргыз-кытай кызматташтыгын жана өнөктөштүгүн кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө  кыргыз тарап чоң маани бере турганын билдирет», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык, ведомстволор аралык жана башка 200дөй эки тараптуу документтерге кол коюлганы, бул олуттуу келишимдик-укуктук базанын жана ар түрдүү чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты туруктуу өнүктүрүүгө умтулуу бар экенин күбөлөндүрө турганы белгиленди.

«Визиттин жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Алсак, биздин өз ара аракеттенишүүбүздүн тарыхындагы жаңы баракты ача турган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы бирдиктүү декларациясы негизги саясий документ болуп калат, — деп белгиледи Данияр Садыков. — Биз бул мамлекеттик визит жакшы натыйжаларды берерине бекем ишенебиз.  Ал эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө көмөк болуп, эң жогорку жана жогорку деңгээл дердеги өз ара кызматташууну бекемдейт жана ишкердүү соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет».

КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 9-10-июнунда Циндао шаарында (КЭР) өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катыша турганын белгиледи.

Данияр Сыдыковдун айтымында, боло турган саммитке Индиянын жана Пакистандын жетекчилери биринчи жолу ШКУнун толук укуктуу мүчөсү катары катышат.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында, Шанхай кызматташтык уюмун мындан аркы өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар чечимдер талкууланып, кабыл алынаары  саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделип жатат.

Данияр Сыдыков Циндаодогу саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгын (2017-2018-жж.) жыйынтыктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп бере турганын белгиледи.

«Саммиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушуулары пландалууда», — деп белгиледи КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.