Сооронбай Жээнбеков: Абал көзөмөлдө, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок

Сооронбай Жээнбеков: Абал көзөмөлдө, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок

Бүгүн, 18-мартта коронавирус Кыргызстанда дагы аныкталганына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков элге кайрылуу жасады.

Мамлекет башчы Кыргызстанда медициналык абал көзөмөлдө, азык-түлүк жетиштүү экенин белгилеп, зарыл болбосо үйдөн чыкпай турууну сунуштады.

Ошондой эле Мамлекет башчысы элди тартипти бекем сактоого чакырып, ар бир үй-бүлө жеке гигиена талаптарын толук сакташы керек экенин белгиледи.

«Дарыгерлерибиз тиешелүү даярдыктан өткөн, бул илдеттен кандай дарылаш керек экенин билишет. Зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугууну максималдуу азайтуу зарыл. Оорунун биринчи белгилери пайда болгон учурда алгач эч жакка барбастан, телефон аркылуу дарыгерге кайрылыш керек. Чет өлкөдөн келген ар бир жаран обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз сактоого милдеттүү. Айрым адамдардын бул талаптардын чегинен чыгуу аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюлат. Ар кандай жыйындарды, оюн-зоок иштерди, тойлорду, мааракелерди токтотуп туруу зарыл. Коомдук тартипти сактоо, өлкөнүн аймагына кирип-чыгуу иштери күчөтүлгөн тартипке которулду», - деди Жээнбеков.

Ошону менен катар президент өлкөдө азык-түлүктүн, дары-дармектин жана медициналык буюмдардын камылгасы жетиштүү экенин кошумчалап, кооптонууга себеп жок экенин айтты.

«Дүрбөлөң салууга, коомдун тынчтыгын бузууга аракет кылгандар, чайкоочулук кылам дегендер, тамак-аштын жана дары-дармектин баасын негизсиз көтөргөндөр көз жаздымда калбайт. Тиешелүү жоопкерчилигин тартат», - деди Жээнбеков.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.