06.06.2018 10:54

Сооронбай Жээнбеков Кытайга учуп келди

Сооронбай Жээнбеков Кытайга учуп келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июнда мамлекеттик визит менен Кытай Эл Республикасына учуп келди. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген. Мамлекет башчысын Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханхуэй тосуп алды.

Мамлекеттик визиттин алкагында Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин,  КЭР  Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Анын ичинде ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы биргелешкен декларация бар.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 9-10-июнунда өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына (КЭР) учуп кетет.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында Шанхай Кызматташтык Уюмун мындан аркы өнүгүүсүнө тиешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу,  саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген.

Саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгын (2017-2018-жж.) аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.

Саммиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.