27.06.2018 10:46

Сооронбай Жээнбеков: Коррупция менен күрөшкө жамынып алып, саясий атаандаштарын жок кылууга жол берилбейт

Сооронбай Жээнбеков: Коррупция менен күрөшкө жамынып алып, саясий атаандаштарын жок кылууга жол берилбейт

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан баштап, президент аппаратынын, өкмөт аппаратынын  кызматкерлеринин декларациясын текшерүү башталат, деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда.

Президенттин айтымында, 2019-жыл Кыргызстан үчүн өзгөчө жыл болот. «Буга чейин айтылып, бирок ишке ашырылбай келаткан реформаларды ишке ашырабыз. Алардын бири коррупция менен күрөш. Жакында эле, бул күрөштөн түшкөн акчалар которула турган эсеп ачылды. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан баштап, президент аппаратынын, өкмөт аппаратынын  кызматкерлеринин декларациясын текшерүү башталат. Жакындарына жаздырып, мыйзамсыз чыгымдарын жашыргандардын байлыгы ачык болуп, чиновниктин таза иштөөсүн камсыз кылуучу механизмди киргизүү зарыл. Анын үстүндө иштеп жатабыз. Мамлекеттик кызматкер маңдай тери менен тапкан акчасына жашашы керек. Ан үчүн мамлекеттик кызматкердин айлыгын анын минималдуу керектөөлөрүнө жеткидей кылып,  этап-этабы менен көтөрүүгө аракет кылабыз. Бирок, коррупция менен күрөшкө жамынып алып, саясий атаандаштарын жок кылууга жол берилбейт», -деди президент. 

Айтымында, коррупция менен күрөшүү жарандардын активдүү позициясына да муктаж. «Азыр ууруну камап койсоң, айылдаштары, туугандары «биздин бала» деп,  кол топтоп, бошотууну сурап жатышат. Андай көз караш менен коррупциядан кутула албайбыз. Ал ким гана болбосун, кимдин тууганы болбосун, мамлекеттик кызматта иштесе, казынадан жесе анда ал жоопко тартылышы керек. Уурулар байлыгына манчыркабай, эл арасында баса албагандай көрүнүшкө жеткирүү зарыл.  Ал эми өз эмгеги менен байыган ишкер эч кимден коркпой-үркпөй коомдо башын бийик көтөрүп басканга жетишибиз керек», -деди Жээнбеков.