23.03.2018 10:00

Сооронбай Жээнбеков Пакистан президентин улуттук майрамы менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Пакистан президентин улуттук майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун Хусейнге Пакистан Ислам Республикасынын күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу Президент Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

“Улуттук майрам – Пакистан Ислам Республикасынын күнү менен чын дилимден куттуктайм.        

Кыргызстан менен Пакистандын салттуу достук мамилелери жана кызматташтыгы эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгы үчүн ырааттуу өнүгүп жана тереңдей берет деп  ишенем”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын Президенти Мамнун Хусейнге чын ден-соолук, бакыт жана бакубаттык, ал эми достук мамиледеги Пакистан элине тынчтык жана  гүлдөп өнүгүү каалады.