11.04.2019 11:07

Сооронбай Жээнбеков: Өкмөткө Жогорку Кеңештин колдоосу сөзсүз керек

Сооронбай Жээнбеков: Өкмөткө Жогорку Кеңештин колдоосу сөзсүз керек

Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке келип, кайрылуу жасады. Бир саатка жакын убакыттын ичинде бир жыл ичиндеги жетишкендиктер жана алдыдагы пландар тууралуу сүйлөдү.

Бирок, сөзүнүн аягында митинг уюштургандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт деди. Сөз төркүнү кимге багытталган? Митинг уюштурам дегендер азыр үчөө - "Республика", "Ата Мекен" жана КСДП партиялары.