04.12.2018 09:08

Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын чыгымдары текшерилет

Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын чыгымдары текшерилет

Ички иштер министрлиги ызы-чууга түшкөн Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын чыгымдары боюнча тизмени текшерүүдө. 15-ноябрда укук коргоочу Нурбек Токтакунов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына чыгымдардын тизмесин жарыялаган. Бул документте учурдагы президенттин шайлоо штабы саясий өнөктүккө 24 миллион доллар короткону айтылат. Мында көрсөтүлгөн маалыматтар чын экенин штабдын айрым кызматкерлери тастыкташкан болчу. Эми шектүү тизмени милиция текшерчү болсо, анын жыйынтыктары адилеттүү болооруна ишенбегендер көп.