“Сорос-Кыргызстан” фонду Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жасалма дем алдыра турган аппарат берди

“Сорос-Кыргызстан” фонду Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жасалма дем алдыра турган аппарат берди

“Сорос-Кыргызстандын” өзгөчө кырдаалдар үчүн фонду Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жасалма дем алдыра турган аппарат берди. Бул тууралуу фонддун сайтында жазылды.

“Сорос-Кыргызстан” фондунун саламатык сактоо программасынын директору Айбек Мукамбетов бул аппарат коронавирус менен күрөшүүдө зарыл экенин белгиледи. Фонд бейтаптарга, дарыгерлерге керектүү медициналык каражаттарды алып берүү каралып жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги жасалма дем алдыра турган 624 аппараттын ичинен 100ү атайын даярдалып турганын билдирген. Министр Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, илдетке чалдыккан бейтаптардын 5% гана жасалма дем алдыруучу аппаратка муктаж. Мындан сырткары Дүйнөлүк банк Кыргызстанга адамды жасалма дем алдыруучу аппараттан 200гө жакынын сатып бермей болгон.