07.08.2019 17:39

#SOSБотсадБишкек Challenge: Активисттер Ботаникалык бакты сугарууга 40 тоннадан ашык суу жөнөттү

#SOSБотсадБишкек Challenge: Активисттер Ботаникалык бакты сугарууга 40 тоннадан ашык суу жөнөттү

Кыргызстандагы «Интерньюс» уюму Ботаникалык бакты сугарууга 40 тоннадан ашык суу жөнөттү. Бул туурасында бүгүн, 7-августта уюмдун жетекчиси Элина Каракулова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Биз кечээ Ботаникалык бактын көп бөлүгүнө суу жетпей куурап жатканын жана уникалдуу бактарыбыз менен өсүмдүктөрүбүздү түбөлүккө жоготуп алышыбыз мүмкүн экенин билдик. Бүгүн ыкчам түрдө Internews in Kyrgyzstan чогулуп, бакты сугарууга 40 тоннадан ашуун суу буюртма бердик, бул албетте, куурап бараткан бак үчүн деңиздеги тамчы суудай эле болуп калат. Мен бардыгыңыздарды бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырам», -деп жазды Каракулова.

Буга чейин «Апрель» телеканалы Ботаникалык бактын абалы боюнча маселени эфирде чагылдырып кеткен эле.