16.01.2020 14:36

Спикер Дастан Жумабеков Франкфурт-на-Майне деген шаардын аталышын жаттай албай койду

Спикер Дастан Жумабеков Франкфурт-на-Майне деген шаардын аталышын жаттай албай койду

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өттү. Анда сөз сүйлөп жаткан спикер баягы Франкфурт-на-Майне деген шаардын аталышын кайрадан туура атай албай койду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн парламенттин отурумунда Кыргызстан менен Европа инвестициялык банк ортосундагы каржылоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун окуп берген.

Төрага алдын ала даярдалган тексттеги шаардын атын туура окуй албай, Франкфурт-на-Маяне деп койду.

 

Эске салсак, Дастанбек Жумабеков бул шаардын аталышын биринчи жолу жаңылыш айтып жаткан жок. Былтыр жыл аягында ал кыргыз тилинде Франкфурт жана Маяне шаарлары деп окуп койгон.