15.06.2018 18:18

Сумо күрөшү III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын тизмесине кошулду

Быйыл өтө турчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюну дагы бир спорт түрүнө толукталды. Эми Сумо күрөшүндө балбандар күч сынашат. Жобого ылайык, ар бир өлкөдөн жалгыз гана балбан катыша алат. Кыргызстандын намысын коргоо вазыйпасы Жалал-Абад облусунун тургуну Алмаз Эргешовго жүктөлдү.

Ал эми Кыргызстандагы сумо күрөшүнүн тарыхына кайрылсак, 2013-жылы расмий түрдө ассоциация түзүлгөн. Учурда жүздөгөн балдар, жадакалса кыздар да күрөштүн бул түрү менен машыгып келет.