Сузак районунда жаңы ФАП ачылды

Сузак районунда жаңы ФАП ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө “Фрунзе” аталышындагы жаңы  ФАП ачылды. Ачылыш аземине мамлекеттик, райондук администрациянын жана райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун өкүлдөрү, Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн бийлик жетекчилери менен тургундары катышышты, деп билдирет Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы.

Аталган  ФАП  демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, 6 ай ичинде курулуп бүткөрүлгөн. Жалпысынан алганда курулушуна 1.миллион 200 миң сом жумшалган.

Буга чейин аталган айыл өкмөттѳ  ФАП катары турак-жайдын бир бөлүгү пайдаланылып келген.  Учурда жаңы ФАПта   тѳрт медициналык кызматкер эмгектенүүдө.