06.08.2018 10:10

Сузак районундагы мечиттен өрт чыкты

Сузак районундагы  мечиттен өрт чыкты

Сузак районундагы Орто-Азия айылында жайгашкан мечиттен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

2018-жылдын 4-августунда саат 19:31де Жалал-Абад обусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Азия айылында жайгашкан мечиттен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып,  жалын саат 20:21де чектөөгө алынып, саат 20:40та толук өчүрүлгөн.

Келтирилген чыгым тууралуу азырынча маалымат жок.