24.06.2019 10:06

Сүрөткө түшөйүн деп жаткан. Чүйдө өспүрүм кыз сууга чөгүп кетти

Сүрөткө түшөйүн деп жаткан. Чүйдө өспүрүм кыз сууга чөгүп кетти

Кечээ, 23-июнь күнү Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна 16 жаштагы кыз чөгүп кетти. Ал суунун жээгине туруп, сүрөткө түшөйүн деп жаткан. 

Кырсык 19:00 чамасында «Теплые ключи» аймагында болуп өткөн. Кыздын денесин түнгө чейин издешип, бирок табылган эмес. 

Бул маалыматты April.kg порталына ӨКМден тастыкташты. Мекеменин маалыматына караганда,  бүгүн издөө иш-чаралары уланат.