Таалайбек Сарыбашев Ош шаарынын мэри болуп шайланды

Таалайбек Сарыбашев Ош шаарынын мэри болуп шайланды

Ош шаарында бүгүн, 18-июлда мэрди шайлоо өттү. Анда шаардык кеңештин депутаттары бир добуштан калаа башчылыгына Таалайбек  Сарыбашевдун талапкерлигин колдошту. 

Ага 44 депутат макул деп добуш берип, бирөө каршы болгон. 

Таалайбек Сарыбашев 1971-жылы Алай районунда төрөлгөн. Билими -жогорку.  Эмгек жолун 1989-жылы Алай районунун автобазасында темир уста болуп иштөөдөн баштаган.  

1989-1991 — Совет армиясынын катарында кызмат өтөгөн. 

1991-2008 —  сатуучу, базар башчысы, жеке ишканада эсепчи;

2008 — Алай райкеңешинин депутаты;

2012-2015 — Алай райондук администрация башчысы;

2015-жылдын 10-декабрынан баштап — Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.