14.01.2020 11:17

Таджикистандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода кызматынан бошотулду

Таджикистандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода кызматынан бошотулду

Тажикистандын президенти Эмомали Рахмондун жарлыгы менен Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Олимзода башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, ээлеген кызматынан бошотулду.

Тажикстандын президентинин маалымат кызматы билдиргендей, президенттин башка жарлыгы менен аталган кызматка Назирмад Ализода дайындалды. Ал 52 жашта, дипломаттык кызыматта 2003-жылдан бери иштеп келет. Акыркы 5 жылдан бери Назирмад Ализода Тажикстандын Казакстандагы элчиси болуп эмгектенип келген.

Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Буга чейин кыргыз өкмөтү кырдаал тынчыганын, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат деп маалымат тараткан. Тажикстандын УКМКсы дагы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айткан. 

Тажик тарапка Кыргызстандын ТИМи кезектеги нааразычылык нотасын тапшырган.