10.07.2018 16:21

Талас облусундагы Нылды көлүнө 15 жаштагы өспүрүм кыз чөгүп каза болду

  Суудан ажал тапкандар (2 материала)
Талас облусундагы Нылды көлүнө 15 жаштагы өспүрүм кыз чөгүп каза болду

Талас облусундагы Нылды көлүнө 15 жаштагы өспүрүм кыз чөгүп каза болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

2018-жылдын 10-июль күнү саат 12:30 чамасында Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айылындагы Нылды көлүнө 2003-жылы туулган М.А аттуу өспүрүм кыз сууга чөгүп кетти деген маалымат түшкөн.

Жеринде издөө иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнин Талас шаардык №17 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жеткенге чейин кыздын жансыз денесин туугандары алып кетишкен.